Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу 6-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, илдетти жуктурган ак халатчандардын баары өнөкөт менен күрөшүп жаткандар.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 221 учур катталды, алардын ичинен 154 медкызматкер айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн