Укук коргоо органдарынын кызматкерлери банк терминалын уурдап кеткен адамдарды кармады. Бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда арыз Свердлов райондук ИИБге 6-апрелде түшкөн.
“Терминал Абдрахманов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнун кесилишинде жайгашкан. Анын ичинде 61 миң 500 сом болгон. Ал эми, терминал 1,5 миң доллар турат. Аталаган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрү иши башталды”, - деди Орозалиев.
Ал шектүүлөрдү коопсуз шаардын камералары аркылуу издеп табылганын айтты.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери коменданттык саатын эрежелерин бузгандарды издеп жүргөндө, белгисиз адамдар төлөм терминалын уурдап кетишкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн