Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:45
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Бишкек шаарында башка тоолуу райондорго салыштырмалуу сел коркунучу дээрлик жок, - ӨКМ

20.08.2024 17:46
247
Бишкек шаарында башка тоолуу райондорго салыштырмалуу сел коркунучу дээрлик жок, - ӨКМ


Бишкек шаарында башка тоолуу райондорго салыштырмалуу сел коркунучу дээрлик жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Бекмамат Абдрахманов "Биринчи радиого" билдирди.


«Бишкекте сел агып өтүүчү каналдар, сугат арыктары бар. Ошондуктан эч кандай коркунуч жок деп ойлойм», - деди ал.


Анын айтымында, ӨКМдин Мониторинг жана болжолдоо департаментинин жана Кыргызгидрометтин адистери жеринде бийик тоолуу көлдөрдү изилдеп чыгышты. Алардын маалыматы боюнча, чоң коркунуч жок.


«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери бул көлдөрдөгү суунун көлөмүн көзөмөлдөп жатышат. Суу көп болсо, ӨКМ кызматкерлери сууну сордуруп, көлдүн көлөмүн азайтканда сифондук ыкма менен тажрыйбага ээ», — деп түшүндүрдү Бекмамат Абдрахманов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн