Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек шаарында ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифти көтөрүү сунушталды

03.02.2023 10:24
234
Бишкек шаарында ичүүчү  жана саркынды сууга болгон тарифти көтөрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада ичүүчү сууга жана саркынды суу үчүн тарифти көтөрүү жөнүндө токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешине жөнөттү. 


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тарифти көтөрүүнүн негизги максаты шаардыктарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, эскилиги жеткен суу түтүктөрүн жаңылоо, саркынды суулардын түтүктөрүн алмаштыруу болуп эсептелет.


Токтом долбооруна ылайык, 1 куб таза суу үчүн физикалык жактар 10 сом 45 тыйын, бюджеттик тараптар 12 сом 95 тыйын, калган керектөөчүлөр 18 сомдон төлөйт.


Ал эми 1 куб саркынды суу үчүн физикалык жактар 3,45 сом, бюджеттик колдонуучулар 4,5 сом жана калган керектөөчүлөр 9 сомдон төлөйт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн