Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 13:23
USD
85.65
86.15
EUR
93.20
94.20
RUB
0.880
0.915

Бишкек шаарында каттоосу жоктор, жашаган жеринен маалымдама алууга милдеттүү

26.03.2020 09:56
696
Бишкек шаарында каттоосу жоктор, жашаган жеринен маалымдама алууга милдеттүү


Өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жеринен маалымдама алууга милдеттүү. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жеринен маалымдама алууга милдеттүү. Ошондой эле Бишкекте иштеп, бирок башка аймактарда жашаган кишилер да иштеген жеринен маалымдама алышы керек.


Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.


26-мартка карата өлкө боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 киши.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн