Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкек шаарында кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт

27.07.2023 14:43
338
Бишкек шаарында кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт


Б ишкек шаарында жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

Окутуу толук кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 14 мектеп:

- Ленин району - ОМ №77, №93, МГ №68;

- Октябрь району - МГ №91;

- Биринчи май району - ОМ №81, №86, №99, №101, МГ №69, №78, БГИ №1;

- Свердлов району - ОМ №43, №87, МЛ №76.

Окутуу толук орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектеп:

- Ленин району - ОМ №25, ШГ №13;

- Октябрь району - ШРМ №1, ШГ №20, №26, №37, МЛ №17;

- Биринчи май району - ОМ №27, №41, МГ №24, №29, №48, МЛ №61;

- Свердлов району - МГ №12, №23, №33.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлгөн 73 мектеп:

- Ленин району - ОМ №2, №7, №8, №22, №40, №42, №44, №47, №50, №55, №57, №58, №59, №79, №80, №82, №84, №90, №96, №97, №102, ШРМ №10, МГ №9, №31, №72, №95, МЛ №74;

- Октябрь району - ОМ №3, №14, №34, №56, №60, №71, ;73, №88, №98, №97, №100, №103, ШГ №39, №62, №63, №64;

- Биринчи май району – ОМ №15, №18, №19, №49, №54, №83, МГ №6, №70, МЛ №28, №75;

- Свердлов району – ОМ №1, №10, №11, №16, №21, №30, №32, №35, №45, №46, №52, №53, №85, №89, №94, МГ №4, №38, №51, №66, №67, МЛ №65.

25-июлда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарын, тайпаларын ачуу жөнүндө №16 сандуу буйругун чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн