Бишкек шаардык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздуктун күчөтүлгөн версиясында кызматын улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Саат 19:00дө Бишкек шаарында абал тынч, жарандар эркин добуш берип жатышат, окуя боюнча эч кандай факты катталган жок.
Бишкек ШИИБ жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция кызматкерине же РИИБге кайрылып, күнү-түнү иштеген 102 кыска номуруна чалууну эскертет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн