Бишкек шаардык мэриясы эч нерсеге карабай жашылдандыруу иштерин улантып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3 күндүн ичинде “Шаардык парк” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түштүк магистралындагы “Ынтымак” жаңы паркында сирен гүлүнүн 400 көчөтүн отургузду.
Көчөттөрдү «Жердев Сад» питовниги белек катары берген. Эми аларды мындан ары өстүрүүнү “Шаардык парк” кызматкерлери колго алышат.
Ал эми “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери парктардагы тротуарларды жана жөө жүрүү жолдорду дезинфекциялап жатышат. Муну менен катар шаардагы жашыл аймактар санитардык иш-чаралардан жабыр тартпоосуна өзгөчө көңүл бурулууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн