Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкек шаарындагы №4 мектепке жардыруучу зат коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты

09.12.2022 10:47
416
Бишкек шаарындагы №4 мектепке жардыруучу зат коюлду деген маалымат жалган болуп чыкты

Бүгүн, 9-декабрда саат 7:49да Бишкек шаарындагы №4 орто мектептин электрондук дарегине мектептин имаратына жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу кат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.


Билим берүү мекемесининин жетекчилиги дароо укук коргоо органдарына кабарлаган.


“Окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Оперативдүү-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн имарат курчоого алынган. Текшерүү иштери аяктады, эч кандай жардыруучу зат табылган жок. Мектепте окуу процесси жандандырылды” , - деп билдиришти мэриядан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн