Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкек шаарынын мэри шаардыктарды кабыл алды

20.04.2022 15:13
392
Бишкек шаарынын мэри шаардыктарды кабыл алды

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров калаа тургундарын кабыл алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, өткөн аптада борбор калаанын мэри шаардыктар менен бир катар жолугушууларды өткөргөн. Бишкектиктердин айрымдары калаа башчысы менен жеке жолугушуу каалоосун билдиришкен. Алар үчүн муниципалитетте жолугушуу уюштурулду.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын тургундарынын 4 кайрылуусу угулду. Шаардыктар тарабынан берилген суроолор негизинен көрктөндүрүү үчүн жер бөлүп берүү, балдарга жөлөкпул жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча болду.


Ошондой эле жарандардын тобу тамак-аш калдыктарын кайра иштетүүчү ишкананы каржылоо үчүн кайрылышкан. Мэр кайрылган тургундарга МЖӨ вариантын карап чыгууну сунуштады.


Эмилбек Абдыкадыров келген шаар тургундарын кунт коюп укту. Муниципалитеттин компетенциясына кирген маселелер КР мыйзамдарынын чегинде тез арада чечилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн