Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо демилгеси комитетте колдоо тапты

14.03.2023 14:54
237
Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо демилгеси комитетте колдоо тапты


 

Бүгүн, 14-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Борбордун статусу жөнүндө” КР Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.


Депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунда борбор калаанын мэрин тикелей шайлоо институтун киргизүү сунушталып жатканын белгиледи.


«Борбор калаанын мэрин түз шайлоо институтун киргизүү чыныгы демократияны орнотууну жана элдик бийликтин конституциялык принциптерин ишке ашырууну камсыздоого багытталган олуттуу саясий чечим болуп саналат жана башкаруу системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбордун жашоочулары жетекчисин тикелей шайлоо аркылуу шаарды башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот», - деп баса белгиледи Жанарбек Акаев.


Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул мыйзам долбоорун колдой турганын белгиледи. «Борбордун мэрин шайлоо туура сунуш. Бул сунуш зарыл жана актуалдуу», - деп кошумчалады Гуля Кожокулова.


Ал эми эл өкүлү Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорунда Бишкек шаарынын мэрин шайлоонун жана кайра чакыртып алуунун жол-жоболору так көрсөтүлүшү керектигин, ошондой эле тиешелүү бардык мыйзамдар каралышы керектигин айтты. Депутат Мейкинбек Абдалиев Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарларга кирерин эске салып, Ош шаарынын мэрин шайлоо маселесин кароо керектигин кошумчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн