Саламаттык сактоо боюнча шаардык башкармалык Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна алты санитардык автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Жогорудагы транспортторду алууга 8 миллион 496 миң сом каралган.
Жумушчу тобу автоунааларды сатып алуу боюнча техникалык талаптарды иштеп чыккан.
Сатып алуу процедурасын өткөрүү үчүн конкурстук комиссия түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн