Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек шаарынын мэриясы ишкердикти колдоо Программасын иштеп чыкты

13.07.2022 10:22
576
Бишкек шаарынын мэриясы ишкердикти колдоо Программасын иштеп чыкты


Бишкек шаарынын мэриясы 2022-2024-жылдарга ишкерликти колдоо Программасын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкты.


Муниципалитеттен билдиришкендей, бул программа Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги тарабынан ишкердикти өнүктүрүү жана ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.


Программанын максатына жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү пландаштырылууда:

- ишкердик жигердүүлүктү өнүктүрүү жана экономиканын байкалбаган секторунан чарба жүргүзүүчү субъекттерди чыгаруу үчүн шарттарды түзүү;

- ишкердикти колдоону укуктук жөнгө салууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү.


«Программанын ажырагыс бөлүгү болуп конкреттүү тапшырмалар, мөөнөттөр жана жооптуу аткаруучулар камтылган иш-чаралар планы саналат», - деп айтылат маалыматта.


Маалым болгондой, программа Бишкек шаарынын бюджетинде каралган каражаттын алкагында ишке ашырылып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн