Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бишкек шаарынын мэриясы сынак жарыялады

11.02.2020 10:56
654
Бишкек шаарынын мэриясы сынак жарыялады


Бишкек мэриясы 21-февраль – Эл аралык эне тили күнүнө арналган “Ынтымак, достук, биримдик” деген аталыштагы шаардык сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сѳз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын жыйынтыгы үстүбүздѳгү жылдын 21-февралында № 65 экономика-экологиялык лицейдин жыйын залында өткөрүлөт.

Сынактын шарттары төмөндөгүдѳй:

1. Улуттун эне тилинде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде тандалып алынган улут жөнүндө кыскача маалымат берүү (фото-слайд – 3 мүнөт);

2. Улуттун эне тилиндеги ырдын коштоосунда улуттук бий аткаруу (3 - 4 мүнөт);

3. Улуттук салттан сахналаштырылган кыскача үзүндү көрсөтүү (мамлекеттик тилде – 5 мүнөт). Спорт мектептери улуттук оюндардын бир нече түрүнөн композиция көрсөтсө болот;

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде жана тандалып алынган улуттун эне тилинде “Ынтымак”, “Достук”, “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Мекен”, “Эне тили”, “Кыргыз тили” темаларында жатка көркөм ыр окуу (2 - 3 мүнөт).

Жалпы талаптар: топтогу катышуучулардын саны 10-12 адам болуп, 4 бөлүктүн убактысы 15 мүнөттөн ашпоо. Фото-слайд, видео тасма, музыка менен коштоолушу зарыл.

Сынакта төмөндөгүлөр эске алынат: улуттук форма, даярдык деңгээли, убакытты так сактоо, эне тилдеги жана мамлекеттик тилдеги кеп тактыгы.

Бардык талаптарды аткаруу менен табыштамалар 11-февралда тѳмѳндѳгү дарекке жеткирүү зарыл: Байтик Баатыр көчөсү-17, 3-кабат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн