Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык корпоратив ордуна муктаждарга жардам берди

27.12.2021 10:00
921
Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык корпоратив ордуна муктаждарга жардам берди

Бишкек мэриясы жаңы жылдык корпоративдин ордуна кайрымдуулук кылуу чечимин кабыл алган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.


Анын алкагында Капиталдык курулуш башкармалыгы «Коломто» муниципалдык мекемесине белек кылды. Администрациянын өтүнүчү боюнча тазалоо жана гигиеналык каражаттар, төшөнчүлөр үчүн кездемелер сатылып алынды.


Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы «Элистан» балалык борборуна китеп сатып алуу үчүн 10 миң сомдук сертификат тапшырды.


Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы балдардын социалдык адаптациялоо борборуна килем жана телевизор белек кылды.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шаардык көп тармактуу медициналык-социалдык реабилитациялык борборуна белектерди тапшырды. Борборго кир жуугуч жана чаң соргучтар берилип, балдарга жаңы жылдык таттуу белектер таратылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн