Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 11:15:47
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Бишкек шаарынын мэриясында кезексиз жыйын өттү

06.03.2023 10:54
341
Бишкек шаарынын мэриясында кезексиз жыйын өттү

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров райондордун акимдери, шаардык кызматтардын, ошондой эле муниципалитеттин борбордук аппаратынын өкүлдөрү менен кезексиз жыйын өткөрдү.


Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр бир айлык мөөнөттө турак жай-коммуналдык чарба тармагында активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.


Калаа башчысы өзгөчө “Тазалык”, “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын ишин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.


Мындан тышкары, ыңгайлуулук үчүн атайын техникалар менен көчөлөрдү жууп-тазалоо иштерин уюштуруу, жол белгилери өчүп калган жерлерге жол сызыктарын түшүрүү, "Тазалык" муниципалдык ишканасынынын тазалык кызматкерлеринин ишинин сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.


Ошондой эле акимдерге шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан чарбалык субъектилердин ээлерине имараттардын фасаддарын бир иретке келтирүү (эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу) боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.


Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 3 айлык ишембилик жарыяланган. Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жарандык демилге көрсөтүп, ишембиликке катышууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн