Бишкек шаарынын мэрлигине мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн Жунушалиевдин талапкерлиги тууралуу документтер БШКга түшкөн.
Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун демилгеси менен көтөрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн