Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Сарпашев мамлекетке 5 млн сом которду

28.03.2023 18:26
247
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Сарпашев мамлекетке 5 млн сом которду

 “Тазалык” муниципалдык ишканасынын экс-директору мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


 2023-жылдын 22-мартында КР УКМК кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана жок кылуу, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Сарпашов Р.А. кармалган. 


 Ошол эле учурда, Р.Сарпашов “Тазалык” муниципалдык ишканасынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган акча каражатын ыйгарып алуу боюнча күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен, башкача айтканда 5 млн 167 миң 600 сомду толтурган. 


 Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Р.Сарпашовго карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

 Учурда Р.Сарпашовго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ал тарабынан мүмкүн болгон башка мыйзамсыз аракеттердин фактылары текшерилүүдө.

 Р.Сарпашев боюнча иш сотко өткөрүлүп, анда маңызы боюнча каралат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн