Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жигит куткарылды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10.00 чамасында милицияга белгисиз жаран "Ак-Ордо" жаңы конушунда арыкка секирип, чыга албай жатат деген билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын патрулдук кызматы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, 27 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан улам өз жанын кыюуну каалагандыгын аныкташкан. Жыгылуунун натыйжасында ал бир нече жаракаттарды алган. Ал ооруканага жаткырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн