Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 17:27
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Бишкек шаарынын түштүк тарабына бульвар куруу боюнча иштер башталды

22.01.2021 16:31
1909
Бишкек шаарынын түштүк тарабына бульвар куруу боюнча иштер башталды

Бүгүнкү күндөрдө  Бишкек шаарынын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары менен Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө бульвар уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


 "Бишкекглавархитектура" бөлүмүнүн башчысы Марат Жороев жана шаарды көрктөндүрүү жана жарнама бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Сарымсакова жер иштетүү иштери, долбоорлоо алдындагы документтерди даярдоо жөнүндө архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык долбоорлорду техникалык шарттарды эсептеп чыкты.


Бүгүнкү күндө топография бөлүмүнүн адистери санарип форматта топографиялык сурамжылоолорду башташты. Техникалык тапшырмага ылайык, бул аймактагы ар бир дарак топографиялык план боюнча белгиленет, иш ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөт.


Долбоор Бишкек шаарынын түштүк тарабында А.Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин бульвар уюштурууну камтыйт.


«Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, бул аймакта бульвар каралган. Анын узундугу 3 кмден ашат. 71 фонтан, 3 соруу станциясы орнотулат, сүрөт галереясы  жана башка кызыктуу көрнөктөр пайда болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 110-130 миллион сомго чейин каражат талап кылынат», - деди буга чейин вице-мэр Сагындык уулу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн