Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек шаарынын вице-мэри жол кырсыгына кабылды

27.07.2021 11:18
1119
Бишкек шаарынын вице-мэри жол кырсыгына кабылды


Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында, болжол менен 26-июлда таңкы саат алтыда Toyota Alphard айдоочусу рулда уктап кетип, бетон парапетти сүзгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, унаанын ичинде Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жүргүнчү катары болгон, ал жана  эки жүргүнчү аймактык оорукананын бөлүмүнө жаткырылган.


Айдоочу М.А. жаракат алган эмес.


Бул факт КЖБРне катталып, текшерилип жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн