Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек штамптоочу заводу кайрадан толук калыбына келтирилет

17.05.2023 07:28
249
Бишкек штамптоочу заводу кайрадан толук калыбына келтирилет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жанаь министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек штамптоочу заводуна (БШЗ), ошондой эле “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун объектилерине барышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


“Бул биздин келечектеги ири салык төлөөчүбүз, биз аларга максималдуу колдоо көрсөтүшүбүз керек. Мүлктү инвентаризациялоо, ашыкчаларын металл сыныктарына кошуу, карыздык милдеттенмелерди жана Социалдык фонд боюнча маселелерди чечүү керек. Негизги максат ири технопарк түзүү”, - деген Акылбек Жапаров Энергетика министрине БШЗ объектилерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону тапшырды.


Акылбек Жапаров ошондой эле заводдо чыгарыла турган продукция биринчи кезекте “республиканын муктаждыктарын жабууга, андан кийин гана башка өлкөлөргө экспорттолууга тийиш” экендигин белгиледи.

“Баарыбыз билебиз, бардык жайлардын пайдубалы бекем, совет доорунда имараттар сапаттуу курулган, заводдун аймагын иретке келтирүү гана калды, ашыкча баардык нерселерден арылуу керек, эң негизгиси бардык коммуникациялар байланышкан”, — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин токтому менен “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объекттери “Кыргызиндустрия” ААКга акысыз убактылуу пайдаланууга берилип, учурда “калыбына келтирүү” иштери башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн