Бугу 11, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкек үчүн күнү-түнү иштөөгө даярмын, - Нариман Түлеев

20.10.2020 14:24
1400
Бишкек үчүн күнү-түнү иштөөгө даярмын, - Нариман Түлеев


Мен күнү-түнү иштөөгө даярмын. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев бүгүн, 20-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. 


Жыйында маалым болгондой, мэр Азиз Суракматов отставкага кетип жаткандыгына байланыштуу, анын милдети буга чейин биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевге жүктөлдү. 


"Мэриянын жамаатында өзгөрүүлөр болбойт. Эгер кызматкер жакшы иштеше, аны эмне үчүн алмаштыруу керек? Мен Бишкекти өнүктүрүү үчүн болгон аракетимди жумшайм. Мэрдин иши жарандарга ачык болушу шарт. Мен мэр катары 24 саат, күнү-түнү иштөөгө даярмын", - деди Түлеев. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Чынара Асановна Бактыгулова
Мен сиздин ишмердигиниз менен таанышмын. Шаардын көйгөйлөрүн жакшы билесиз. Сиз шаарды өнүктүрүп, өстүрүп кетээринизге ишенем. Сизге талыкпас, кажыбас кайрат, ишинизге ийгилик, Ден соолук каалайм.