Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнда айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат

20.06.2023 16:19
291
Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнда айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат


Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Буга Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий сапарменен келиши себеп болууда.

Чектөө кире турган жолдор:

- "Манас" эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;

- Жаш Гвардия бульварынан түштүктү карай Жибек Жолу проспектисинен тартып Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейинки бөлүгү;


- Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

- "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;

- Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолу аркылуу Токмок шаарына чейин.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа токтотууга болбойт. Оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турганы оң. ЖКККББ айдоочуларды инспекторлордун талаптарына баш ийип эрежелерди сактоого чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн