Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкек жана Чүйдө "Таза аба" рейди өткөрүлдү

13.02.2023 10:53
163
Бишкек жана Чүйдө "Таза аба" рейди өткөрүлдү

11-февралда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында “Таза аба” рейди өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Бишкек аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Арча-Бешик жаңы конушунда жеке мончолор текшерилип, тургундар менен алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, катуу отундун сапаты жана мештердеги фильтрлердин бар экендиги каралып, тыюу салынган заттардын күйүп кетишине жол бербөө жөнүндө билдирүү тапшырылды.


Иш-чара жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын "Таза аба" буйругунун алкагында өтүүдө. Жыл сайын, жума сайын, кыш-күз мезгилинде инспекторлор ЖМК өкүлдөрү, эко активисттери менен биргеликте Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча коммерциялык уюмдардын жана жашоочулардын арасында профилактикалык рейддерди өткөрүшөт.


Иш-чаранын максаты - айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык аң-сезимдин жана жарандык жоопкерчиликтин деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Aigul Alymbekova
Эн туура иш чара.Мындай текшерүү ар бир жаны конуштарда жүргүзүлүүсү керек сөзсүз.