Кечээ, 16-сентябрдан баштап Бишкек шаары жана Чүй облусунда сасык тумоого каршы жарандарды вакцинациялоо башталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 17-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, биринчи кезекте, вакцинаны тобокел топторуна кирген жарандар алышат.
"Вакцинациялоо ҮМБ, ҮБДТ, ҮДТ жана жеке клиникаларда жүргүзүлөт", - деди А.Акматова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн