Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министриинин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-июндагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4 жана Чүй облусунда – 2 ак халатчандан оору аныкталган.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 9 медкызматкер айыгып чыгарылып. Дарттан сакайган медиктредин жалпы саны 231ге жетти.
Жаалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 425 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн