Үстүбүздөгү жылы 8-марттан тартып Бишкек - Кашгар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат, автобустар саат 16:00 Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалынан жолго чыгат
Белгиленгендей, билеттин баасы - 7431 сом (85$).
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн