Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 02:15
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Бишкекте 2, Нарында 1 медиктен коронавирус табылды

22.05.2020 10:21
1230
Бишкекте 2, Нарында 1 медиктен коронавирус табылды

 

Соңку сутка ичинде Кыргызстанда 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-майдагы брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Нарын шаарында 1 медик инфекцияны жуктуруп алган. Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.


Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 273 учур катталды. Алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн