Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкек жана Ош шаардык кеңешине катышкан кайсы партияларга күрөө акчасы кайтарылат?

14.05.2021 14:08
831
Бишкек жана Ош шаардык кеңешине катышкан кайсы партияларга күрөө акчасы кайтарылат?

11-апрелде Бишкек шаардык кеңеши үчүн ат салышкан партиялардын күрөөгө коюлган акчалары  кайтарылбайт. Бул тууралуу БШК билдирди.


Эсепке салынган 50 миң сомду алуу үчүн 15 жана андан ашык пайыз чогултуу керектиги көрсөтүлгөн. Бишкекте партиялардын бири да аталган пайыздык чектен ашык добуш ала алган эмес.


«Бишкек АШКсы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты. Бирок, мыйзамга ылайык,  күрөөгө коюлган акча партиялар белгилүү чектен ашык добуш топтой алганда гана күрөө акчасы кайтарыларт. ал эми  Ошто күрөө "Ата Журт Кыргызстан" жана "Улуттар Биримдиги" партияларына кайтарылып берилет",-  деп билдирди. БШК.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн