Бугу 06, 2024
Убакыт: 19:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бишкек жана Ош шаарында мектеп, бала бакча курам дегендерге жер акысыз берилет

21.11.2022 11:43
596
Бишкек жана Ош шаарында мектеп, бала бакча курам дегендерге жер акысыз берилет

Бишкек жана Ош шаарына ким бала бакча жана мектеп курам десе жерди бекер беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди инвентаризация кылып жатабыз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, бала бакча жана мектеп куруучуларга канализация, электр энергиясы жана суусу бекер алынып келинет.


«Мектеп менен бала бакчаны жеке ишкерлерге беребиз. Азыр эки шаардагы жерлерди мэрлерге бердик. 1-февралга чейин аныктап, анан конкурска чыгарабыз. Кийинки жылы Кыргызстан боюнча 800 бала бакча ачылат. Анын ичинде 560ы 3 саат иштейт. Анан 5 саат иштегени болот, тамак ишпей эле, мектепке даярдашат. Эки смена менен иштеген 247 жаңы бала бакча ачканы жатабыз. Бизде мектепке чейинки балдардын саны 1 млндон ашык. Ошондуктан айылда чоң-чоң үйлөрдө бала бакча ачам дегендерге уруксат берип жатабыз. Жалгыз гана бизде курал-жарактар жок экен, аны республикалык бюджеттин эсебинен беребиз», — деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн