Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкек жана Ош мэриясы "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмесине ыраазычылык билдирди

27.11.2020 19:03
2050
Бишкек жана Ош мэриясы "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмесине ыраазычылык билдирди

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жана Ош шаарынын мэри Таалайбек  Сарыбашев  COVID-19 илдети менен жигердүү күрөшкөн  "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмесин сыйлады. Бул тууралуу аталган коомдук бирикмеден билдиришти.


Ош жана Бишкек шаарынын мэриясы өз жанын тобокелге салган жаштарга ыраазычылык билдирип, алардын эмгегин баалап сыйлады.


Өз кезегинде, коомдук бирикменин жаштары мэрлерге ыраазычылык билдиришти.


"Кыргыз Республикасынын эки чоң шаар статусуна ээ болгон Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Балбак Тулобаев Зарлыкович жана Сарыбашев Таалай Насирбекович  тарабынан  "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмеси COVID-19 илдети менен күрөшүүдө салымын кошуп соцпакеттерин карапайым аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө таркатып, жардамын бергендиги, кайдыгер карабай колун сунгандыгы үчүн ыраазычылык каттары менен сыйлашты! 

Бул да болсо биздин жалпы жамаат, коомдук бирикменин мүчөлөрү үчүн аябай чоң түрткү, колдоо жана мотивация!

Урматтуу, Таалай Насирбекович жана Балбак Зарлыкович, сиздердин "Кыргызстан Жаштар Ынтымагы " коомдук бирикмесинин мүчөлөрүнүн эл үчүн жасаган иштерин таамай билип, сыйлап, ыраазычылык каттарыңызды адилеттүү жол менен тапшырып жатканыңыздарга жалпы мүчөлөрдүн атынан чоң ыраазылыгыбызды билдиребиз! Бар болуңуздар! Ишиңиздерге ийгилик, чын ден-соолук каалайбыз!", - деп жазылат билдирүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн