Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 11-июндагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 9 жана Ош шаарында –
1 медиктен коронавирус табылды.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 18 медкызматкер айыгып чыгарылган. Илдеттен
сакайган ак халатчандардын жалпы саны 312ге жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 419 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн