Бишкек жана Ош шаарында өлкөдөгү кырдаалдан улам санаа тартып, кыжаалат болуп, дүрбөлөңгө түшкөн жарандарга психологдор үч тилде акысыз кеңеш берет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, психологдор саат 10:00дөн 17:00гө чейин жарандарга кеп-кеңеш беришет, WhatsApp, messenger тиркемелери аркылуу да кайрылууга болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн