Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:04
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкек жана Оштун ооруканаларына жасалма дем алдыруучу үч аппарат берилди

23.09.2020 14:14
1190
Бишкек жана Оштун ооруканаларына жасалма дем алдыруучу үч аппарат берилди

Азия өнүктүрүү банкы жана ЮНИСЕФ Кыргызстандын ооруканаларына өпкөнү жасалма дем алдыруучу үч жаңы аппарат беришти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 22-сентябрда Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүнө жана Улуттук онкология жана гематология борборуна COVID-19га каршы күрөштү күчөтүү үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруучу эки жаңы аппарат расмий түрдө берилди. Дагы бир ИВЛ аппараты Ош шаарындагы перинаталдык борборго жеткирилмекчи. Бул аппараттар чоң адамдарга, ошондой эле балдарга дагы колдонууга жарайт. Жабдыктар бүгүнтөн тарта бейтаптарды тейлеп, иштетилип баштады.


Тапшыруулар Азия өнүктүрүү банкынын 200 000 доллары өлчөмүндөгү өзгөчө кырдаалдардагы медициналык жардамынын алкагында, Кыргыз Республикасына ЮНИСЕФ аркылуу жабдуу сатып алуу менен ишке ашырылды.


Бардык медициналык жабдуулар жана чыгымдоочу материалдар ЮНИСЕФ тарабынан саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү жана тастыктамалары бар өндүрүүчүлөрдөн сатылып алынууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн