Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

«Бишкек жашыл чарба» ишканасына тийиштүү ар бир аймак жана кызматкер санарип көзөмөлүнө өтөт

20.07.2020 18:55
1277
«Бишкек жашыл чарба» ишканасына тийиштүү ар бир аймак жана кызматкер санарип көзөмөлүнө өтөт


Бишкек шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө жана санариптик реформалар «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасында иштей баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.


Шаар тургундарынан келген кайрылууларды иштеп чыгуу үчүн жана куураган бактарды кыюу, санитардык бутоо иштеринин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн «Электрондук ТЖКЧ» программасы пилоттук режимде ишке киргизилди.

Система үч блоктон турат: иштин өндүрүш эсеби, абоненттик база жана жарандардын кайрылуулары.

Эми ар бир кызматкер ар бир аймак санариптик көзөмөлгө өтөт. Ишканага 30 видео байкоо камералары, автотехникаларга унаанын жайгашкан жерин, кыймылын жана токтогон жерин белгилеген GPS-навигаторлор орнотулду. Бардык кыймылдарды ишкананын жана мэриянын жетекчилеринин компьютерлерине жана уюлдук телефондоруна жүктөлгөн мобильдик тиркеме аркылуу маалымат алып турса болот.

Ошондой эле, VPN-канал туташтырылган, бардык документтер электрондук форматта жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, «Бишкек суу канал» башкармалыгы, «Тазалык» муниципалдык ишканасы санарипке өткөн, жакында турак-жай коммуналдык чарбанын бардык кызматтары санариптештирилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн