Байгараев Баимбет Нуралиевич «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал буга чейин ишканада башкы инженер болуп эмгектенип жаткан. Анын бул ишканада иштегенине 20 жыл болду.
«Бишкек жылуулук энергонун» мурунку директору Виктория Мозгачева борбордун социалдык саясат боюнча вице-мэри болуп дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн