Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Бишкек жылуулук тармактар” ишканасы борбор калаанын айрым райондорунда ысык суунун берилбей жаткандыгынын себебин түшүндүрдү

23.06.2023 12:31
366
“Бишкек жылуулук тармактар” ишканасы борбор калаанын айрым райондорунда ысык суунун берилбей жаткандыгынын себебин түшүндүрдү


“Электр станциялары – “Бишкек жылуулук тармактар” ААК филиалы борбор калаанын айрым райондорунда ысык суунун берилбей жаткандыгынын себебин түшүндүрдү.

Бирок, күн мурун, 22-июнда (суунун бериле турган күнү) жана бүгүн, 23-июнда борбор калаанын көптөгөн жашоочулары социалдык тармактарда суу берилбей жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришкен.

“Бишкек жылуулук тармактар” ишканасынан билдиришкендей, абоненттерге суу берүү түйшүктүү иш болгондуктан убакытты талап кылат. Учурда суу берүүнү жөнгө салуу иштери жүрүп жатат.

“Жакынкы эки күндүн ичинде бардык абоненттерге ысык суу берилет. Шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн