Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкек,Чүйдө жалпы 700 майнинг-аппарат аныкталды

08.09.2021 17:38
986
Бишкек,Чүйдө жалпы 700 майнинг-аппарат аныкталды

КР УКМК энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында КР жарандары "М.Д.О." жана "A.Н.Р." "Түндүк электр" ААКнын айрым кызматкерлеринин жардамы менен "Түндүк электр" ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, ири өлчөмдөгү электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу боюнча мыйзамсыз иштерди уюштурушканы аныкталган.


2021-жылдын 7-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун (Сокулук районунун Ново-Павловка айылында) аймагында 2021-жылдын башынан баштап мыйзамсыз иштеп жаткан 500 даана майнинг аппарат аныкталган.


“Түндүк электр” ААКнын алдын ала маалыматы боюнча, бул майнинг-фермалардын электр энергиясын уурдоодон келтирген зыянынын суммасы 20 миллион сомго жакын.


2021-жылдын 4-сентябрында да “Бишкек” ЭЭАнын аймагында 200 даана майнинг аппараты бар контейнер табылган


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле мыйзамсыз майнинг ишмердүүлүгүн уюштуруучуларды жоопко тартуу жана “Түндүк электр” ААКнын кызматкерлеринин электр энергиясын уурдоого катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн