Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Нарындагы жол кырсык 3 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)

23.09.2020 10:12
1678
Нарындагы жол кырсык 3 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)


БишкекНарынТоругарт унаа жолунда эки унаа кагышып, үч адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсык 22-сентябрда саат 17:00 чамасында БишкекНарынТоругарт  унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) катталган. Анда "Тойота Авенсис" жана "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү унаалары кагышып, анын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы эки аял жана 44 жаштагы эркек киши каза болгон. Ошондой эле беш адам жараат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгондордун сөөгү Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн