Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкек–Ош жолунда унаа жардан кулап, 3 адам каза болду

02.09.2020 10:41
1142
Бишкек–Ош жолунда унаа жардан кулап, 3 адам каза болду


Бишкек–Ош унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду. Бул тууралуу 2-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Бишкек–Ош унаа жолунун 449-чакырымында «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясынын жээгине болжол менен 50-60 метр бийик жардан кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 кыз жана 9 жашар бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 5 эркек адам (аты-жөндөрү такталууда) ар кандай жаракаттарды алышкан. Кырсык болгон жерге ӨКМден 5 куткаруучу, тез жардам кызматы, ИИМден 5 кызматкер барган.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн