Бишкек — Ош жолунда жолу кырсыгынан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Кара-Көл шаарына жакын аймакта катталган. Анда оор жүк ташуучу унаа жана Ford Transit унаасы бетме-бет кагылышкан.
Окуядан беш жүргүнчү мерт кеткен. Ford Transit унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза тапты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн