Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:46
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкек–Ош жолундагы кырсык 5 адамдын өмүрүн алды (видео)

27.06.2020 15:38
988
Бишкек–Ош жолундагы кырсык 5 адамдын өмүрүн алды (видео)



Бүгүн, 27-июнда саат 6:00 чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 69-чакырымында жол кырсык катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.  


Маалыматка караганда, «Лексус RX350» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу «МАН» унаасы кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (3 аял, 1 эркек жана 1 бала) каза болуп, кичинекей 1 кыз жабыркаган.


Аталган жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу барып, каза болгон адамдардын денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.


Күбөлөр тартып алган видеодон «Лексус RX350» унаасы толугу менен талкаланганын көрүүгө болот. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн