Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Бишкек башкы архитектура” ишканасынын бөлүм башчысы каза болду

13.07.2020 13:57
2550
“Бишкек башкы архитектура” ишканасынын бөлүм башчысы каза болду


 

Бишкек шаардык мэриясынын “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын шаардык аткаруу съемкасы жана топография бөлүмүнүн башчысы Асылгазиев Нурланбек Токтомушович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

 

Нурланбек Асылгазиев Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында 1972-жылы туулган.

“Бишкек башкы архитектурасында” 2006-жылдан тартып жөнөкөй адистиктен бөлүм башчылыгына чейинки кызмат орундарында иштеген. 5 баланын атасы болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы, мекеменин жамааты Нурланбек Асылгазиевдин туугандарына, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн