Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекеги Чоң Чүй каналынан 3 адамдын сөөгү изделүүдө

17.08.2020 10:26
837
Бишкекеги Чоң Чүй каналынан 3 адамдын сөөгү изделүүдө


Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 5 жана 13 жаштагы балдар менен өздүгү аныктала элек киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда 10-август күнү Патрис Лумумба көчөсүндө ЧЧК (БЧК) кичине бала 2015-жылы туулган чөгүп кеткен. 16-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнен жалпы 25 куткаруучу тартылган.


Ошондой эле Свердлов районунда 15-август күнү Учкун кичи районунда ЧЧК (БЧК) 2007-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 16-август күнү издөө иштерине КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылган.


Мындан сырткары, Биринчи Май районунда 16-август күнү Ленская көчөсүндө ЧЧК (БЧК) эркек киши чөгүп кеткен (аты-жөнү такталууда). 16-август күнү издөө иштерине  КР ӨКМнин №1 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган.


Бүгүн, 17-август күнү издөө иштери улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн