Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 17:57
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Бишкекке 30 атайын техника алуу пландалууда

12.08.2022 18:15
576
Бишкекке 30 атайын техника алуу пландалууда

Бишкек шаарына атайын техникаларды алып келүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.


Мэрия билдиргендей, меморандумга Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда кол коюлду.


Жалпысынан турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн 30га жакын атайын техниканы лизингге сатып алуу пландалууда. Жаңы техникалар «Бишкекжарык», «Тазалык», «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын ишинде колдонулаары күтүлүүдө.


Булар автомунара, кран-манипулятор, бургулоочу орнотуучу, таштанды чыгаруу унаа, бириктирилген сугаруучу унаа жана башкалар.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн