Бишкекке Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин и өрайымы Сагиба Гафарова баштаган делегация келди.
Сыйлуу конокторду "Манас" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн