Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жаран келди

03.07.2020 09:33
1219
Бишкекке Бангладештен 103 кыргызстандык жаран келди

Бишкек шаарына 2-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек —Дакка —Бишкек чартердик каттамы менен Кыргызстандын 103 жараны келди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 


Маалыматка караганда, авиакаттам менен Бангладештен Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары чыгарылды. Аларга эки тараптын кайрылуусуна ылайык Өзбекстанга жана Тажикстанга кайтып баруу үчүн транзиттик коридор уюштурулду.


«Жүргүнчүлөрдүн баары бекитилген тартип боюнча обсервацияга жайгаштырылды. Мекенге кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн