Баткен облусунан дагы 15 медицина кызматкери Бишкек шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июлда Баткен облусунан дагы 15 ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында жөнөп кетти.
Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, күч кубат каалаган.
Белгилей кетсек буга чейин Баткен обусунан 20 дарыгер Бишкек шаарына келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн