Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаарына Бириккен Араб Эмираттары аркылуу Кыргызстандын 175 жараны келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ошондой эле бул каттам менен Оман, АКШ, Иордания, Индонезия, Германия, Түштүк Корея, Афганистан, Пакистан, Кувейт, Австрия, Швейцария өлкөлөрүнөн кыргызстандыктар кайтып келишти. Алар Дубайдын аэропортунан транзиттик каттамга отурушкан.
«Дубай шаарынын аэропортунда аттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тест алынып, жыйынтыгында оору аныкталган жок», - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн